Баткен облусу боюнча 7 объекттин курулушу аяктап, пайдаланууга берилет







Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Баткен облусундагы курулуш иштери аяктап, пайдаланууга даяр турган объектилердин даярдыгын жана сапатын текшерди. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда аталган мекемеден билдиришти.
Курулуш иштери аяктап, колдонууга бериле турган объекттер:
- Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Ак-Сай айылындагы Б.Ходжаев атындагы орто мектеби;
- Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Ак-Сай айылындагы "Эдельвейс" бала бакчасы;
- Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы "Көк-Таш" башталгыч мектеби;
- Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы "Учкун" балдар бакчасы
- Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылындагы "Достук" орто мектеби;
- Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылындагы "Бөбөктай" мектепке чейинки билим берүү уюму;
- Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айыл аймагынын Жаш-Тилек айылы, 275 орунга ылайыкташтырылган "Жаш-Тилек" орто мектеби;



