АФК Кубогу: "Абдыш-Ата" футбол клубу плей-офф баскычына чыкты
	
				
			
				
			
				
			
				
			
				
			
				
			"Абдыш-Ата" АФК Кубогунун плей-офф баскычына чыккан Кыргызстандын алгачкы клубу болуп калды. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.
Белгилүү болгондой, кечээ, 30-ноябрда Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубу Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн оюнда "Алтын-Асыр" командасын 4:2 эсебинде утуп, мөөнөтүнөн мурда АФК Кубогунун плей-офф баскычына чыкты.
Оюндун биринчи таймында "Алтын-Асыр" командасы эки гол киргизген болсо, экинчи таймда "Абдыш-Ата" катары менен 4 гол киргизген.
Муну менен кыргызстандык клуб ойноп жаткан Е тайпасында 13 упай топтоп, сап башындагы ордун сактап калды.
Тайпалык баскычтын финалдык турунун алкагында "Абдыш-Ата" командасы 14-декабрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Мерв" (Түркмөнстан) командасы менен беттешет.
 0 
		
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














