"18 жашка чыга электери да бар". Бишкекте "Көпөлөк" рейдинин алкагында 60тан ашык кыз табылды
Бишкек шаарында “Көпөлөк” аттуу профилактикалык иш-чара өткөрүлгөндүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери болжолдуу түрдө интимдик кызмат көрсөтүп жаткан сауналарды, мейманканаларды, ижарага алынган батирлерди текшеришкен. Анын жыйынтыгында 60тан ашык кыздар аныкталып, төртөө жашы жете элек кыздар болуп чыкты.
Аталган фактылар Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматты каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Ошондой эле иликтөө иштеринин жүрүшүндө ар кандай мессенджерлерде мурда түзүлгөн топтор да аныкталды.
Ушул эле күнү Ош шаарынын милициясы да интим кызмат көрсөткөн кыздар кармалганын билдирди.
ааа
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.