super.kg logo

"2024-жылы саякат кылуу үчүн эң мыкты 50 жай". Стамбул саякаттоого мыкты жерлердин катарында

 

Түркиянын 16 миллионго жакын калкы бар Стамбул шаары Travel + Leisure (T+L) уюмунун "2024-жылы саякат кылуу үчүн эң мыкты 50 жер" тизмесине кирди. Ошондой эле туристтерге кийинки жылы да сунуштала турган саякат борбору болуп калды. Аталган шаардын жандуу атмосферасы жана кооз жерлери конокторго унутулгус окуяларды тартуулайт. Ошондуктан T+L саякат журналы "2024-жылы саякаттоо үчүн 50 мыкты жерди" түзүп, саякатчылардын көңүлүн бурган жана аларды келерки жылга саякаттарын пландаштырууга шыктандырган дестинацияларды, шаарларды жана тажрыйбаларды тизмеледи.

Анча белгилүү эмес жерлерди жана Стамбул сыяктуу дүйнөнүн эң популярдуу туристтик жерлерин камтыган бул тизме, саякатчыларды кооз дүйнөнү жаңы жолдор менен изилдөөгө шыктандырат. Жыйырмадан ашык саякат эксперттери өздөрүнүн жеке тажрыйбасынын негизинде элүүдөй жердин тизмесин түзүшкөн.

Сунуштар төмөнкү категорияларга бөлүнгөн:

"Маданий чөмүлүү үчүн",

"Тамак-аш жана суусундуктар",

"Чоң шаар толкундары",

"Суудагы көз ирмемдер",

"Жаратылышты сүйүүчүлөр",

"Пляждын толкундары",

"Укмуштуу саякатчылар".

Ушулардын арасынан серепчилер Стамбул шаарын "Чоң шаар толкундары" категориясынын негизинде саякатчылар көздөгөн жер деп тапты.

СТАМБУЛ - ТҮРКИЯДАГЫ ЛЮКС ЖАНА ӨЗҮНЧӨ СТИЛДИН ШААРЫ

Стамбул шаары Түркиянын башка шаарларынан тарыхый жерлери, көп маданияттуу түзүлүштү чагылдырган архитектурасы, жандуу маданият жана искусство сахнасы, укмуштуудай жана кайталангыс табиттери жана көп сандаган соода альтернативалары менен айырмаланып турат. Ошондой эле көптөгөн кооздуктарды тартуулаганы менен дүйнөнүн эң атактуу калааларынын катарында.

Стамбул ушул жылы T+L журналынын окурмандары тарабынан Европанын эң мыкты шаары деп табылган. Анда шаардын жанданган Босфор жээгинин кооздугуна көңүл бурулуп, кооз мегаполис эмне үчүн зыярат кылынышы керектиги тууралуу маалымат берилген. Атактуу архитектор Рензо Пиано тарабынан Босфор кысыгынын газдалган сууларынан шыктануу менен долбоорлонгон Стамбул Модерн, Стамбул сүрөт жана скульптура музейи ошондой эле Стамбул жарым аралы ушул аймакта жайгашкан.

Бул шаарда саякатчылар үчүн люкс турак жайлар жана мыкты тамактануучу ашканалар бар. Мындан тышкары жаркыраган мейманканалар, заманбап искусство аялдамалар, Мишелин жылдыздуу ресторандар жана түрдүү соода тажрыйбаларына суктанууга болот.

Түркиянын эң динамикалуу жана жандуу мегаполиси болуп саналган Стамбул акыркы жылдарда “Conde Nast Traveller”, “Forbes” жана “Time Out” сыяктуу дүйнөнүн алдыңкы басылмалары тарабынан түзүлгөн туристтик тизмелерге ар түрдүү категориялар менен кирди.

СТАМБУЛ ШААРЫНЫН ТАРЫХЫ

Стамбул шаары - Европа менен Азияны бөлүп турат. Буга чейин Византий жана Константинополь деген аталыштар менен белгилүү болгон Түркиядагы эң чоң шаарлардын бири. Ошондой эле өлкөнүн экономикалык, тарыхый жана маданий борбору болуп эсептелет. Ал Евразияда, Босфор кысыгынын жээгинде, Мармара менен Кара деңиздин ортосунда жайгашкан. Шаардын европалык жана азиялык бөлүктөрүн көпүрөлөр менен тоннелдер бириктирип турат. Жалпы аянты 5343 километр квадратты түзөт. Ал эми калкынын саны 15 миллион 907 миң 951 адам(2022-жылы 31-декабрь). Бул шаарда түрктөрдөн тышкары күрт, армян, еврей, грек жана башка улуттагы адамдарды кезиктирүүгө болот. Маалыматтарга караганда, 1453-жылы 29-майда түзүлгөн. Учурда шаарды мэр Экрем Имамоглу башкарат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: