Базар-Коргондо 225 орунга ылайыкталган жаңы мектеп эшигин ачты





Бүгүн, 1-декабрда Базар-Коргон районунун Бешик-Жоон айыл аймагынын Жоон айылындагы №42 К.Сооронбаев атындагы 225 орундуу мектебинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, мектептин курулушу 2018-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен башталган.
Жалпы аянты 1655,9 чарчы метрди түзөт.
Ага ылайык, мектепте сапаттуу билим алуу үчүн бардык шарттар каралган. Класстык кабинеттерден сырткары чет тили, биология, физика, химия кабиенттер жана атайын лабораториялар каралган.
Ошондой эле концерттик зал, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, кол эмгек кабинеттери, спорттук зал, окуучулар үчүн дене-тарбия сабагынан кийин кийим алмаштыруучу жайлар жана душ кабиналары каралган.
Мектеп азыркы мезгилге ылайыкталган заманбап жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздалды.
