"Эч ким көрбөйт деп". Испанияда футболчу өмүр бою дисквалификация болот (видео)
Испаниялык футболчу атаандашына каршы орой ойногону үчүн өмүр бою оюндан четтетилет. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя Испаниянын төмөнкү лигаларынын биринде болгон. Анда чабуулчу Марк Маркес эч нерседен атаандаш команданын коргоочусун таманында темири бар спорттук бут кийими менен атайын эле тепкен. Ал бул учурду эч ким байкабай калат деп ойлогон, бирок ал учур видеого түшүп калган.
Эми аны мүр бою дисквалификация күтүп турат. Мындан тышкары ал кылмыш жоопкерчилигине дагы тартылышы мүмкүн.
Басылмалар ал тепкен футболчунун бутунун байламталары үзүлүп кеткенин жазышууда.
Испанияда футболчу өмүр бою дисквалификация болот
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.