Өз үйүнө 23 кыргызстандыкты каттоого тургузган Орусиянын жаранына кылмыш иши козголду
Орусиянын жараны өз үйүнө 23 кыргызстандыкты каттатып алган. Бул тууралуу 17-декабрда Москва шаарынын Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Москванын тургуну үйүнө каттатканы үчүн кыргызстандыктардан акча алып турган. Учурда катталгандардын баарына административдик протокол түзүлдү. Ал эми үй ээсине “мыйзамсыз миграция уюштурган” деген айып боюнча кылмыш иши козголду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

