Кадамжайда жаңы оорукана курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди





Баткендин Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында жаңы оорукана курулуп бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жаңы имаратына үй-бүлөлүк дарыгерлер, балдар бөлүмү жана балдар реанимациясы жайгаштырылат. Алар учурда эскилиги жеткен имаратта иштеп жаткан.
"Оорукананы курууга керектелген 58 миллион сом республикалык бюджеттен каржыланды. Облус башчынын орун басары Жаныбек Исаков курулуш иштеринен кабар алып, оорукана пайдаланууга берүүгө дээрлик даяр болуп калганына күбө болду", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.