super.kg logo

Кыргызстандагы ККМге каршы митингдер: Садыр Жапаров комиссия түздү

 
Президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүп, текшерүү жиберди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.
Анын билдиришинче, комиссиянын жыйынтыгы менен Министрлер кабинетинин чечими туурабы же базарда олтурган соодагерлердин талабы туурабы белгилүү болот.
"Буга чейин Садыр Жапаров "Бир жылда соодасы 8 миллион сомдон ашпагандар бир тыйын төлөбөйт" деген.
Бул деген соодасын жаңы баштагандар, акча айлантуусу аздар "бутуна туруп кетсин" деген саясат болчу.
Азыр эми "Менин соодам 8 миллиондон ашпайт деген" соодагерлердин соодасы 50дон 100 миллионго чейин ашып кеткен фактылар аныкталып калды. Ошол үчүн ККМ колдонгула деген талап болуп жатат.
Кыскасы, жыйынтыгын комиссиянын чечиминен кийин жарыялайбыз", - деди ал.

Эскерте кетсек, 30-ноябрда Бишкектеги "Дордой" базарында да митинг болгон. Ушул эле күнү "Мадина" базарынын соодагерлери да митингге чыгып, иш таштоо кылышкан.

Андан кийин нааразычылык акциялары Караколдо, Ошто дагы уланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: