super.kg logo

Филиппинде күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Цунами коркунучу бар

 

Филиппиндин жээгинде күчү 7,5 баллга жеткен катуу жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу 11 миңдей калкы бар Тагбина муниципалитетинен 19 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан. Филиппиндин вулканология жана сейсмология институту цунами коркунучу жарыяланганын билдирди.

"Толкундардын бийиктиги нормадан бир метрден жогору болушу күтүлүүдө, ал эми жабык булуңдарда жана кысыктарда жогору болушу мүмкүн. Деструктивдүү цунами жана толкундар өмүргө коркунуч туудурган бийиктиктер менен күтүлүүдө. Ал бир нече саатка созулушу мүмкүн. Жээктеги аймактардын тургундарын дароо бийик жерге же ички жерлерге эвакуациялансын", - деп айтылат маалыматта.

АКШнын цунами жөнүндө эскертүү системасы цунами коркунучун тастыктады.

Кийинчерээк Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору Филиппиндин жээгинде күчү 6,4 баллга жеткен экинчи жер титирөө болгонун кабарлады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: