Орусиялык рэпер Баста Maybach менен жол кырсыгына кабылды
Баста чыгармачыл каймана аты менен чыгып жүргөн орусиялык рэпер Василий Вакуленко кырсыкка кабылды. Бул тууралуу SHOT телеграм каналы жазды.
Кырсык рэпер Санкт-Петербургдагы "Газпром Арена" комплексинен чыгып келе жатканда болгон. Анда кара түстөгү Maybach унаасы менен Kia унаасы сүзүшкөн. Жыйынтыгында Maybach унаасынын коопсуздук жаздыкчалары атылып кеткен. Кырсык болгон учурда рэпер арткы орундукта болгону такталды.
Учурда кырсыктын себептери такталууда. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы келген. Кырсыктан эч ким олуттуу жаракат алган эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.