Бишкектеги санитардык полигонго 850 көчөт отургузулду (фото)





Бишкектин четиндеги санитардык полигонго 850 көчөт отургузулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, борбордогу санитардык полигонду жашылдандырууга Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бактын жетекчиси жана биологдор, мэриянын кызматкерлери катышты.
"2,3 гектар жерге токой тилкеси пайда болот. Бул багыттагы иштер улантылат. Натыйжада көчөттөр санитардык полигондун көпчүлүк бөлүгүндө болот", - деп билдиришти мэриядан.
Ошондой эле тамчылатып сугаруу системасын ишке ашырат.
Белгилей кетсек, буга чейин таштанды полигонундагы өрттү өчүрүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүп, мындан ары аймакты жакшыртуу боюнча иш-чаралар уюштурулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.