super.kg logo

Бишкектеги Искусство университетинде квалификацияны жогорулатуу курсу ачылды

 

Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство (КММИУ) университетинде квалификацияны жогорулатуу борбору ачылып, өз ишин баштады. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалымдалгандай, аталган борбор кошумча билим берүү программалары боюнча өздөрүнүн кесиптик көндүмдөрүн жана педагогикалык билимдерин өркүндөтүүнү каалагандар үчүн окутууларды уюштурат.

Негизги багыттары:

- Социалдык-маданий иш-чаралар;
- Хореография;
- Музыкалык аткаруучулук (түрлөрү боюнча);
- Музыка мугалими;
- Кинооператор жана кинорежиссер .

Белгилей кетсек, сабактар акы төлөнүүчү – жекече жана тайпалык болуп бөлүнүп өткөрүлөт.

Бул борбор окуу жай жетекчилигинин демилгеси, аракети жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин көмөгү менен ачылды. Өлкөдөгү маданият, искусство тармагында эмгектенген кызматкерлерди багыттар боюнча окутуп, квалификациясын жогорулатуу, мастер-класс, тренингдерди уюштуруу иштерин алып барабыз. Борборбордун ачылышын астейдил колдогон Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине терең ыраазычылык билдиребиз”, – деди КММИУнун квалификацияны жогорулатуу борборунун директору Чынара Аскарова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: