Жалал-Абадда интимдик кызмат көрсөтүп келген тажикстандык кыз кармалды (видео)
Жалал-Абадда интимдик кызмат көрсөткөн коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, "Притон" аталышындагы ыкчам иш-чаранын негизинде Жалал-Абад шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнүн биринде социалдык баракчасы аркылуу өзүн жарыялап, интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн жаран кармалган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам- иликтөө иштеринин натыйжасында жашыруун интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн 23 жаштагы Тажикстандын Б.К. аттуу жараны аныкталган. Убактылуу жашап турган жери Чүй облусунун Кара-Балта шаары болгон.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Жалал-Абадда интимдик кызмат көрсөтүп келген тажикстандык кыз кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:19
2025-10-02

16:43
2025-10-02
10:49
2025-10-02
19:54
2025-10-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.