"30 жылдан бери оңдолбой келген". Нарында маданият үйүнүн имараты жаңыланууда





30 жылдан ашык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлбөгөн Нарын облусундагы маданият үйүнүн жаңы имараты оңдолууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Ат-Башы районунун С.Андабеков атындагы маданият үйү ишмердүүлүгүн 1991-жылы баштаган. Андан бери бир да жолу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Чатырынан суу таамп, дубалдарынан жарака кетип, эмеректери, эшик-терезелеринин эскилиги жеткен абалдагы маданият үйү Мамкурулуштун көзөмөлүнө алынып, капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Буга чейин иштебей турган жылуулук системасы оңдолду.
Белгилей кетсек, учурда объекттин курулуш иштери дээрлик аяктап калды. Жыл аягына чейин пайдаланууга тапшыруу күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.