super.kg logo
  Саясат  

Ош. Шаарда тийиштүү түзүмдөр салык жыйноо боюнча протоколдук тапшырма алышты

 

Ош шаардык мэриясынын экономика жана ишкердикти өнүктүрүү бөлүмү 2013-жылга жергиликтүү бюджетке салык жыйноо боюнча протоколдук жыйын өткөрдү. Жыйынга шаардык каржы башкармалыгы, шаардык салык кызматынын башкармалыгы, муниципалдык менчик башкармалыгы, Ош шаардык автотоктом, автокоюу жана автогараждар мекемеси, “Жапалак” муниципалдык унаа базары жана өлкөнүн Экономика жана Каржы министрлигинин Ош шаардык мамлекеттик аймактык бөлүмү катышты. 

Протоколдук жыйында салык жыйноо боюнча, анализ жүргүзүү, башка жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн аткарылышы жана ар бир салыктын түрү боюнча маселелер каралды. Жылдын акырына карата коюлган пландык тапшырмаларды кошумча 3,5 миллион сомго ашыгы менен аткаруу тапшырмасы берилди. “Жапалак” унаа базарынын жана автотоктом, автокоюу жана автогараждар мекемесинин жетекчилерине пландык тапшырмаларды толугу менен аткарып, каражаттардын жергиликтүү бюджетке өз убагында келип түшүүсү тууралуу тапшырмалар берилди. 

“Жетекчилерге берилген тапшырмалар тийиштүү деңгээлде 25-декабрга чейин аткарылуусу шарт”,- деди бул тууралуу экономика жана ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Чыныбек Тойчиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: