super.kg logo

Бишкектин Ак-Босого конушунда медициналык тез жардам станциясы ачылды

 

Бишкектин Ак-Босого конушунда "Ассанабил" коомдук фонду менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде курулган медициналык жардам станциясы эшигин ачты. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, курулуштун негизги бөлүгү "Ассанабилл" коомдук фонду тарабынан каржыланды, ал эми Бишкек мэриясы тарабынан аймакты көрктөндүрүү, ички жана тышкы инженердик тармактарды орнотуу иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, тез жардам станциясы Бишкек шаарынын Биринчи Май жана Свердлов райондорун тейлейт.

"Жер тилкесинин аянты 0,09 гектра имараттын аянты 140 чарчы метр, имаратта фельдшердик пункт, жетекчинин кабинети, дары-дармектер үчүн кампа, диспетчердик пункт, процедуралык жана техникалык жайлар жайгашкан",-деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: