Бишкек мэри "Дордой-Моторстун" соодагерлерин диалогго чакырды. Жолугушууга Салымбеков дагы келди




Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ККМге каршы болуп митингге чыккан "Дордой-Моторстун" соодагерлери менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Базардын соодагерлери менен шаар мэри Айбек Жунушалиев жана базардын ээси Аскар Салымбеков жолугушту. Ишкерлердин талаптарын уккан муниципалитеттин башчысы андан ары талкууну Ленин администрациясына чакырды.
"Ишкерлердин өкүлдөрү менен сүйлөшүү учурунда Айбек Жунушалиев бир катар митингчилердин бул маселени сүйлөшүү үстөлүндө талкуулоо тууралуу пикирине 100 пайыз макул болду.
Кеңешмеге Ленин районундагы дээрлик бардык базарлардын профсоюз уюмдарынын өкүлдөрү катышты", - деп билдиришти мэриядан.
Эске сала кетсек, бүгүн базардын соодагерлери кассалык аппараттарды жоюп, патент киргизүүнү талап кылып митингге чыгышкан.
