Мындан ары жарандар туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу үчүн онлайн арыз беришсе болот
Мындан ары жарандар туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жана өлгөндүгү тууралуу маалымкатты алуу үчүн аралыктан электрондук арыз беришсе болот. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Министрлер кабинентинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Санариптик өнүктүрүү министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин 1-декабрдан тарта өлкө аймагында Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу туулгандыгын жана өлгөндүгүн мамлекеттик каттоого электрондук арыздарды берүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүүнү кайра баштайт.
Тескеменин максаты Санариптик өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик каттоо кызматтарына арыз ээлеринин көбүрөөк жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана мамлекет менен жарандардын ортосунда туруктуу санариптик өз ара аракеттенүүнү түзүү болуп саналат.
"Буга чейин, 2022-жылдын 3-октябрынан 2023-жылдын 3-октябрына чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймактарында электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу төрөлүүнү жана өлүмдү мамлекеттик каттоого электрондук арыздарды берүү боюнча пилоттук долбоор жүргүзүлгөн.
Анын алкагында 2023-жылдын сентябрь айына карата Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу келип түшкөн арыздардын негизинде 86 баланын туулгандыгы тууралуу мамлекеттик каттоо жүргүзүлүп, анын ичинен 32синин күбөлүгү үйүнө жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.



