Кышка камданып алдыңызбы? Бишкекте көмүр сатылган жайлардын даректери жана баалары
Синоптиктер ушул жумада аба ырайынын кескин төмөндөшүн болжолдошууда. Мындан улам Бишкек шаардык мэриясы калаадагы көмүр саткан түйүндөрдүн даректерин жана коюлган баалар тууралуу жарыялады.
Ага ылайык, шаар тургундары көмүрдү төмөндөгү отун базаларынан сатып ала алышат.
Ленин району боюнча:
- Мурманск көчөсү, 126 дарегиндеги көмүр базасында "Кара-Кече" көмүрү. Тоннасы 4700 сом;
- Мурманск көчөсү, 45/2 дарегинде (мурдагы «Торг-Синтез» ЖЧКсы) "Кара-Жыра" көмүрү. Тоннасы 6000 сом;
- "Береке" ЖЧКсы, Мурманск көчөсү 122, 122а дарегинде "Кара-Кече" көмүрү. Тоннасы 5000-6500 сомдон;
- "Беш Сары" ЖЧКсы, Мурманск көчөсү 1Б дарегинде "Кара-Кече" көмүрү. Тоннасы 5500 сом;
- Дэн Сяопин пр., 306а дарегиндеги Коргоо министрлигинин көмүр базасында "Кара-Кече" көмүрү. Тоннасы 4700 сом;
- ЖИ "Болотбеков", Дэн Сяопин пр. 308/4 дарегинде “Кара-Кече” көмүрү. Тоннасы 5500 сом;
- "Золотая корпорация" ЖЧКсы, Мурманск 1Б дарегинде, кире бериши түштүк тараптан, "Шабыркүл" көмүрү. Тоннасы 6000 сом;
- Жеке ишкер Абиев Нурлан, Алыкулов көч. 6б дарегинде "Кара-Кече" көмүрү. Тоннасы 4700 сом.
Биринчи май районунда Кара-Кече көмүрү төмөнкү даректерде сатылатууда: - "Ак-Босого" конушу, Профессор Зима 156а дарегинде 1 кап көмүрдүн баасы 220 сом, бир тонна көмүр 6000 сом. Чүй 23 көчөсү, 43 үйүндө 1 кап 230 сом;
- Щербаков көчөсү 121 дарегинде 1 кап көмүр 200 сом;
- Махатма Ганди жана Жапаров көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүр 210 сом жана тоннасы 6000 сом. Ал эми тандалган көмүрдүн тоннасы 7000 сом;
- "Алтын-Бешик" конушундагы Алтын-Бешик жана Мидин көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүрдүн баасы 250 сомдон, тоннасы 6000 сом;
- Дэн Сяопин пр. 531 дарегинде 1 мүшөк көмүр 280 сом;
- "Тынчтык" конушу 12-көчөсү, 19-үйдө бир кап көмүр 250 сом;
- Месарош көчөсү, 96 дарегинде 1 кап көмүр 240 сом;
- "Калыс Ордо" конушу, 106-көчөсү, 1-үйдө 1 кап көмүр 250 сомдон сатылууда. Ошол эле учурда кышка жакын 15-20дай стационардык пункттар ачылат.
Свердлов районунда көмүр төмөнкү жерлерде сатылууда: - Достоевский көчөсү №1, "Шабыркул" көмүрү. Тоннасы 6200 сом;
- Айланма жолдун боюндагы "Келечек" конушунда “Кара-Кече” көмүрү. Тоннасы 5800-6000 сом.
Октябрь районунда көмүр төмөнкү жерлерде сатылууда: - "Глобал Азия Пропертиз" ЖЧКсы "Төкөлдөш" конушу, "Аламүдүн" станциясында Казакстандын Кара-Жыра көмүрү. Тоннасынын баасы 6200 сом;
- "Кара-Жыгач" конушу, Л.Толстой көчөсүндө "Кара-Кече" көмүрү. Тоннасы 4700 сом;
- "Рухий-Мурас" конушу, Бейшеналиева көч. Рухий Мурас 2 көч, “Кара-Кече” көмүрү. Тоннасы 6000 сомдон сатылып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.