super.kg logo

"125 миң 500 сом айып пул салынды". Өлкө боюнча 28 мал союучу жай жабылды

 

Ветеринардык кызматтын Реестринде 100 мал союучу жай катталган. Анын ичинен 28 ветеринардык санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн убактылуу ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 100 мал союлуучу жайдын ичинен 10 мал союлуучу жай ЕАЭБдин бирдиктүү Реестрине катталган (КХ “Рейна Кенч”, ЖЧК “Торо”, ОАО “Келечек”, ЖЧК “Адал-Азык”, ЖЧК “Ала-Бука Жалал-Абад Кыргыз Эт”, “КФХ Алмаз”, ИП:Базарбаева.З, ИП:Кучкаров.Ф.Н, ЧП:Эралиев.Э, ЖЧК “Восточно-импортноэкспортная компания”).

"Мал союучу жайы жок райондорго жана шаарларга мал союучу жай салдыруу боюнча Ветеринардык кызматтын жетекчилиги тарабынан тапшырма берилип, жергиликтүү жана тийишүү кызматтарга кайрылып жыйынтыгы менен 13 жаңы мал союучу жай салынды.

Алар: Ноокат, Өзгөн, Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор, Кадамжай, Лейлек, Бакай-Ата, Манас, Тоң, Түп, Ысык-Көл, жана Москва райондорунда жаңы салынган мал союучу жайлардын курулушу аяктап ишке кирүүдө",-деп айтылат маалыматта.

Реестрде катталган 100 мал союучу жайдын:

10 - чоң стандартагы мал союучу жай

63- чакан мал союучу жай.

27 - мал союучу аянтча.

Ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги жана көрсөтмөлөрдү толук аткарбагандыгы үчүн 125 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: