Президенттин маалымат катчысы эл аралык жаңы аэропорт Ошко да, Жалал-Абадга да куруларын билдирди

"Социалдык тармактардын айрым колдонуучуларынын "Ош шаарына пландалган аэропорт Жалал-Абад шаарына салынмай болуптур. Ошко салынбай калыптыр" деген өңдүү билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт жана провакациялык мүнөздө экендигин белгилейбиз. Ошондой эле жалган жана чагымчыл маалымат таркаткандар тийиштүү мыйзамдардын чегинде тескелерин, ал үчүн жоопкерчилик каралганын эске салабыз", - деди ал.
Алагозов буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров жаңы салына турган аэропорттордун долбоору менен таанышканын кошумчалады.
"Үстүбүздөгү жылдын май айында президент Жапаров жаңы салына турган аба майдандардын долбоору менен жеринде таанышкан. Анда Ош жана Жалал-Абад шаарындагы азыркы аэропорттордун ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куруу каралган. Андагы батирлер жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген шартта ипотекага бериле тургандыгы маалымдалган", - деди президенттин маалымат катчысы.
Маалыматтарга караганда, Ош эл аралык аба майданы – Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт. Анын имараты 1974-жылы курулган жана анда 900дөн ашык киши иштейт. Ал Ош шаарынан тогуз чакырым алыстыкта жайгашкан.
Ал эми Жалал-Абад аэропорту ички каттамдарды гана ишке ашырат. 2018-жылы оңдоп-түзөө иштери жүргөн.
Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарына дүйнөнүн төрт бурчуна уча турган эл аралык чоң аэропорт куруларын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.