super.kg logo
  Саясат  

Президент “Учкун” ААКсынын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты

 

Бүгүн, 4-декабрда президент Садыр Жапаров “Учкун” ААКсына барып, ишкананын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысына чыгарылып жаткан продукциялар, тактап айтканда, жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарынын көлөмү, газета-журнал цехинин иши жана мамлекеттик маанидеги документтердин даярдалышы тууралуу маалымат берилди.

Садыр Жапаров басмакананын жетекчилиги даярдалып жаткан продукциянын сапатына, анын ичинде окуу куралдарына тийиштүү мөөнөттө чыгарууга жетишүүсүнө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.

Ал бүгүнкү күндө “Учкун” бардык керектүү техника менен жабдылганын жана мамлекеттик маанидеги документтерди, анын ичинде паспортторду өз алдынча чыгара аларын айтты.

Садыр Жапаров көп жылдар бою тамырлап, өлкөгө миллиарддаган сомдук зыян келтирүүгө үлгүргөн уюшулган паспорттук мафияны жеңүү үчүн мамлекет эки жылдан бери иштеп жатканын белгиледи.

Жалпы жарандык паспортторду жасалмалоодо коррупциянын масштабы абдан чоң болгон жана улуттук коопсуздукка шек келтирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: