Бишкекте 2005-жылкы кызды сойкулукка үндөгөнгө шектелип 23 жаштагы кыз кармалды
Бишкекте жашы жете элек кызды сойкулукка үндөөгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 1-декабрда милицияга Д.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал жашы жете элек 2005-жылы туулган небересин үч ай бою интимдик кызмат көрсөтүүсүнө ортомчулук кылган Н. аттуу кызга чара көрүп берүүнү суранган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-изилдөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган К.Н. аттуу кыз кармалды. Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.