super.kg logo

Камчы Көлбаевдин Ысык-Көлдөгү 115 гектар жери мамлекетке өттү (фото)

 

Ысык-Көл облусунда Камчы Көлбаевге тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, улуттук коопсуздук органдары тарабынан Н.Р.Р. аттуу жаран 2022-жылдын март айында “Этномаданиятты, асыл тукум жылкы чарбасынын ат спортунун индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик ишканасы менен 115 гектар жерди (айдоо жерди) ижарага алуу келишимин түзгөнү аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Н.Р.Р. тоют өстүрүү жана мал чарбачылыгы менен алектенүү үчүн Ысык-Көл районунун Григорьевский айылынан 80 гектар жана Семеновский айылынан 35 гектар жер тилкесин пайдаланганы аныкталган.

"Ошол эле учурда Н.Р.Р. Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн малын (бодо мал, ж.б.) багып, аларды багуу үчүн тоют өстүрүп, ошону менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүп келген.

Учурда УКМК тарабынан Ысык-Көл районундагы көрсөтүлгөн 115 гектар жер, “Этномаданиятты, асыл тукум жылкы чарбасынын ат спортунун индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик ишканасынын жери мамлекетке кайтарылып берилди", - деп билдиришти УКМКдан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: