Эмгек министрлиги тарабынан жыл башынан бери 787 майыптык араба берилди





Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова “Ассанабилл” фондунун майыптыгы бар жарандар үчүн өткөргөн кайрымдуулук акциясына катышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында “Ассанабилл” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан майыптарга 26 майыптык араба, 12 тигүүчү машина, 40 угуу аппараты таратылды.
"Учурда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн медициналык дайындоолорду эске алуу менен буюмдардын 150дөн ашык түрүн чыгарат. Министрлик тарабынан жыл башынан бери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн 787 майыптык араба жана ден соолукту чыңдоо үчүн 5036 санаториялык-курорттук жолдомолор берилди.
Мындан сырткары, министрликтин карамагындагы социалдык стационардык мекемелерде 2,3 миң камкордукка алынгандар жашайт, анын ичинде улгайган жарандар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана балдар жашаса, социалдык кызматкерлер тарабынан 9 миң 727 жалгыз бой улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үйүндө тейленет", - деди министр.
Ошондой эле министр “Ассанабил” кайрымдуулук фондуна калктын жардамга муктаж аярлуу катмарына көрсөтүп келе жаткан жардамдары үчүн ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, аталган фонд тарабынан Кыргызстандын аймактарында бир нече фельдшердик-акушердик пункттар курулуп, оор турмуштук кырдаалга кабылган жарандарыбызга материалдык жардам көрсөтүлүүдө.
