"Видеочалуу аркылуу электрондук капчыктагы акчаны шыпырып...". ИИМ жарандарды сак болууга чакырды (видео)
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарды алдамчылардын торуна түшүп калбаш үчүн этият болууга чакырат.
Анда техникалык түзүлүштөрдүн өнүгүшү менен кылмышкерлер уурдоонун жаңы ыкмаларын ойлоп таап жатканы белгиленген.
"Бул ыкмалардын бири - мессенджер аркылуу чалууларды пайдаланган телефон алдамчылыгы. Алдамчылар потенциалдуу жабырлануучуну кандайдыр бир аракеттерди жасоого мажбурлашат жана өздөрү тууралуу бардык маалыматтарды ачыктоого түртүшөт. Жакында эле пайда болгон алдамчылыктын жаңы түрү боюнча айта кетсек, белгисиз адамдар телефон чалып, аны менен видео байланышка чыгууну суранат. Алар ар кандай шылтоолор менен телефон чалып, сатыкка коюлган товарды көргүсү келип же таппай жатканын айтышат. Бирок телефон чалып жаткандар экрандан көрүнбөйт жана анын себебин телефондогу өзгөртүүлөрдөн улам ушундай болуп жатканын айтышат.
Милицияга кайрылган кыз белгисиз адамдын мессенджерден видеочалуу аркылуу байланышка чыккандыгын (экранда өзү көрүнбөйт, караңгы) айткан. Анан белгисиз адам адашып кеткенин айтып, видеобайланыш (видеотрансляция жолу) менен сүйлөшүүнү сунуштаган. Кыздын айтымында, видеочалуу учурунда телефондогу уюлдук оператордун электрондук капчыгындагы 28 миң сомун чыгарылып кеткен, ошол учурда телефондун экранында СМС аркылуу сыр белгинин (пароль) өчүрүлүп кайра калыбына келтирилип жатканы көрүнүп турган. Ошентип ал алдымчылардан жабыр тарткан. Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы алдамчылардын мыйзамсыз аракеттеринен коргонуу максатында чоочун адамдарга жеке маалыматтарды ачыкка чыгарбоону сунуштайт.
"Кандай гана учур болбосун банктык реквизиттерди чоочун адамдарга өткөрүп бербеши керек. Мессенджер аркылуу чалууларды жана видеобайланышты баштоону сунуштаган белгисиз адамдар тарабынан мындай шектүү аракеттер болгон учурда, сүйлөшүүнү дароо токтотуп койгон туура", - деп айтылат билдирүүдө.
