"Эмкисинде самын менен жуудурабыз". Бишкекте унаа цемент аралашкан сууну жолго төгүп кеткен
Бишкекте жолго цемент аралаш сууну төгүп кеткен унаа аныкталып, бетон ташыган компания тазалаганын Мамкурулуштун башчысы Нурдан Орунтаев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Эмкисинде самын менен жуудурабыз! Урматтуу мекендештер, эгер курулуш компаниялары курулуш тартиптерин бузуп жатса, курулуш короолорунда паспорттору жок болсо, автоунаалары баткак же кир болсо түздөн-түз мамлекеттик курулушка кайрылыңыздар! Чараларды көрөбүз, курулуш лицензияларын токтотконго чейин барабыз жана жөн эле айып пул менен чектелбейбиз! Тазалык сенден башталат", - деп жазган ал.
Ошондой эле тазалоо иштериндеги тартылган сүрөттөрдү жүктөдү.

3250410047668290195.mp4
3250410047668290195.mp4
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.