super.kg logo

Тоо койнундагы Кара-Жыгач айылында жаңы мектептин ачылыш аземи болду (сүрөт)

 

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кара-Жыгач айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу парламенттиин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Базар-Коргон районунун акими Мирлан Карагулов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Депутат Айбек Алтынбеков билим уясына өзүнүн атынан интерактивдүү доска белекке берди.

"Жаңы курулган Алтай Осмонов атындагы 150 орундуу мектептин курулушу 2021-жылы башталып, быйыл 1-сентябрда муктаждыкка байланыштуу пайдаланууга тапшырылган болчу.

Мектептин эски имараты 1965-жылы ашар жолунда курулуп, 2014-жылы ӨКМ тарабынан жараксыз деп табылган. Акыркы 2 жылдан бери мектептин башталгыч класстарынын окуучулары жеке турак жайда билим алып жатышкан", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: