Тайырбек Сарпашев Райкан Шүкүрбековдун 100 жылдыгына карата мааракеге катышты
КРнын
Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев 16-декабрда белгилүү сатирик, акын, жазуучу, драматург жана котормочу Райкан Шүкүрбековдун 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма
сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Тайырбек Сарпашев өз сөзүндө Райкан Шүкүрбековдун чыгармачылык мурасынын кыргыз маданияты үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.
“Райкан Шүкүрбеков – тагдыры ары татаал, ары кызыктуу инсан. Ал жаштайынан жетим калганына карабай, сабатсыздыгын жоюп, педагогдук билим алган. Табигат берген таланты жана билиминин аркасында ал орус классиктеринин жана дүйнөлүк адабиятчылардын чыгармаларын которгон. 1959-жылы жазылган көп актылуу “Акындын үмүтү” драмасы Токтогул Сатылгановго арналып, анын чыгармачылыгында өзгөчө орунду ээлейт”,- деди Сарпашев.
Маараке белгилүү фольклордук топтордун чоң программадагы концерти менен коштолду. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

