super.kg logo

"Жасалма долларга iPhone 15 сатып алган". Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

 

Бишкекте жасалма долларга iPhone 15 сатып алган шектүү кармалганын бүгүн, 5-декабрда Биринчи Май РИИБинен билдирди.

Мааламатка ылайык, 1-декабрда А.О. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Жабырлануучу чала таанышы анын iPhone 15 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун 1300 долларга сатып алганын, бирок кийинчерээк ал акча жасалма экендиги аныкталганын айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1998-жылы туулган Ж.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө учурунда шектүү өз ыктыяры менен 29 даана 100 АКШ долларын, мурда кылмыштуу жол менен алынган уюлдук телефонду жана дагы бир iPhone 15 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тапшырган.

Азыркы учурда ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар же жок экендиги териштирилүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: