super.kg logo

"Силер билбейсиңер".  Садыр Жапаров өлкөдө революция кылууга кызыкдар күчтөр бар экенин айтты

 

Өлкөдө төңкөрүш кылсак экен деген күчтөр бар. Мында пикирди бүгүн, 5-декабрда президент Садыр Жапаров Бишкектеги "Дордой" базарында соодагерлер менен болгон жолугушууда билдирди.

Көзөмөл-кассалык машинелерге (ККМ) каршы нааразычылык акцияларын уюштурууга кызыкдар топтор бар экенин айткан мамлекет башчысы, ал күчтөрдүн революция кылуу ниети бар экенин, соодагерлер алардын куралы болуп калып жатканын белгиледи.

“Артыңарда кимдер турарын билебиз десем, "Эч ким турбай эле" деп атпайсыңарбы. Силер билбейсиңер да. Силерди курал кылып колдонуп жүргөн, 30 жылдан бери үч жолу революция кылгандар “бүгүн да революция кылсак экен, кайра мурункудай жашоодо жашасак экен” дегендер бар. Бул саналуу гана күчтөр, силер билбейсиңер. Мен силерди түшүнүп атам. Өзүңөрдүн укугуңарды колдоп чыгышыңар керек, үнүңөр жетпей жатса ушинтип чыгып, кыйкырып жеткиришиңер керек дегендей. Мен силерди күнөөлөгөн жокмун. Бизде кимдер даярданышкан, эл көп чыкса, ошол жерден пайдаланып кетсек экен дегендер боюнча маалыматтар бар. Саналуу 3-4 топ бар”, - деди Жапаров.

Бирок ал кайсы күчтөр экендигин так айткан жок.

Белгилей кетсек, 29-ноябрдан бери өлкөдөгү базарларда көзөмөл-кассалык машиналарды колдонууга каршы митингдер өтүп жатат.






Садыр Жапаров Дордой базарына барды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: