super.kg logo

Катардан келген дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

 

Эртең, 6-декабрда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Катардан профессор Абдулсалам Аль Кахтани жетектеген хирургдар тобу келет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, кол коюлган меморандумга ылайык, Катар өкмөтүнүн атынан Кайрымдуулук жана ислам иштери министрлиги бардык финансылык чыгымдарды, анын ичинде кохлеардык имплант системасын камсыз кылууну, хирургиялык операцияларды, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун хирург дарыгерин жана медициналык жардамчы персоналды окутууну өзүнө алат. Алар ошондой эле операциядан кийин балдардын эки жылдык реабилитациясын каржылайт.

"Операция жасалчу 50 баланы улуттук борбордун лор дарыгерлери атайын түзүлгөн комиссия менен биргеликте тандап алган. Жалпысынан бул программанын алкагында жылына 150 балага операция жасоо пландалууда. Ошол эле учурда кыргызстандык дарыгерлер мындай операцияларды жасоодо баалуу тажрыйбага ээ болушат. Буга чейин мындай операцияларды жасоо үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кымбат баалуу микроскоп өткөрүлүп берилген", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындай операциянын маңызы импланттын ички бөлүгү ички кулакка өмүр бою имплантацияланат. Сырткы бөлүгү - сүйлөө процессору - 5 жылда бир алмаштырылышы керек.

Белгилей кетсек, операциялар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жасалат, анткени анда угуусу начар балдарды диагностикалоо, хирургиялык кийлигишүүлөрдү жасоо жана операциядан кийинки медициналык реабилитациялоо үчүн бардык керектүү жабдыктар бар.

Жалпысынан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда буга чейин кохлеардык имплант коюу боюнча 120дан ашык балага операция жасалган. Чет өлкөдө операция болгон 200дөй балдар жана чоңдор да бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: