Бүгүн Бишкекте алгачкы жолу бүткүл дүйнөлүк түрк кофесинин күнү белгиленди
Бүгүн, 5-декабрь Бүткүл дүйнөлүк түрк кофесинин күнү. Бул күндү утурлай Бишкек шаарында чакан иш-чара уюштурулуп, Кыргызстанда биринчи жолу белгиленди. Анда келген коноктор түрк кофесинин тарыхы, мааниси, түрк элиндеги барктуулугу жана аны даярдоо жолдору менен таанышышты. Арасында түрк кофесин баалап, сүйүп ичип жүргөндөр жана алгачкы жолу даамдагандар болду.
Бишкек шаарынын тургуну Мадина кофе сүйүүчүлөрдүн катарына кирет. Айтымында, ар бир күнүн кофе менен баштайт. Мындан улам бүгүн бүткүл дүйнөлүк түрк кофесинин күнүнө карата түрктөр өздөрү кофе жасап берерин угуп, келген.
"Түрк кофесинин даярдалышын азыр өз көзүм менен көрүп, ичип жатам. Чындап сонун экен, мага жакты жана ар бир адамга түрк кофесин даамдап көрүүнү сунуштайт элем. Аткени анын өзгөчөлүгү башкалардай таттуу эмес, бирок таттууну сүйүүчүлөр кант кошуп ичсе болот. Ал эми чыныгы кофенин даамын сезем дегендер үчүн канттын ордуна суу менен берилет. Түрк кофесин ушундай кофе ичкиң келип, чарчап турган маалда ичсең өзүнө тартат экен", - деди ал.
Үйлөрдү, кафелерди жана көчөлөрдү өзгөчө жыт менен толтурган түрк кофесин кайнатуу ыкмасы кылымдар бою өзгөрүлбөй келет. Ал "Cezve" деп аталган уникалдуу идиште, майдаланган кофе дандарын муздак сууга кумдун же оттун үстүндө бышыруу жолу менен даярдалат. Үстүнө баркыттай көбүк пайда болгончо кайнатылып, андан соң кичинекей кофе чыныларына куюлуп берилет. Башка кофелерден айырмаланып, түрк кофеси чөйчөккө чөйчөк менен куюлат жана ага дайыма бир стакан суу, түрк локуму же башка таттуулар кошулуп берилет. Маалыматтарга ылайык, мындан улам дарыгерлер түрк кофеси жүрөккө пайдалуу деп келишет.
Ясин Доган түрк кофесин алгачкылардан болуп Кыргызстанга алып келгендерден. Ал бүгүнкү күндү утурлай шаар тургундарына атайын Ысык-Көлдөн алынып келинген майда кумга түрк кофесин даярдап берип, алкыштарына татыды. Айтымында, кофе кумга кайнатылып жасалса, даамын жана пайдалуулугун жоготпойт.
Түркияда түрк кофеси адамдарды бириктирип, алардын бири бирине жакындашуусуна жардам берген социалдык медиатор болуп саналат.
"Түрк кофеси - бул өзүнчө бир маданият. Анткени Түркияда кофенин ролу жогору, маанилүү жолугушуулар жана тамактан кийинки баарлашуулар "Кандай кофе ичүүнү каалайсыз?" деген бир эле суроо менен башталат", - дейт Түркиянын Бишкектеги элчилигинин маданият жана туризм кеңешчилигинде пиар адиси, уюштуруучу Алишер Имамов.
Түрк кофеси 16-кылымда аталган өлкөдө алгачкы жолу жасалгандан бери коомдук жашоонун өзөгүн түзгөн. Мындан улам 2013-жылы 5- декабрда ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилип, ошондон бери бул күн "Бүткүл дүйнөлүк түрк кофе күнү" катары белгиленип келет.
"Түркияда кофеге өтө чоң маани беришет. Алардын жашоосунун бардык жеринде кофе бар. Таңкы тамактануу дагы аны ичкенден кийин башталат. Түрктөр күрөң түстү "кофе түсү" дешет. Ошондой эле эки адам таарынышып калса дагы аларга кофе ичирип, элдештирет. Себеби, "Бир чыны кофенин кырк жылдык эс тутуму бар" деген сөздөн улам эми 40 жыл уруша албайсыңар деп коюшат. Түрк кофеси бул өзүнчө бир философияга да ээ. Осмон империясынын маалында келген конокторго кофе суу менен берилген. Анда эгер биринчи суу ичилсе адамдын ачка экендигинен кабар берип, дасторкон ошого жараша жасалган. Ал эми кофе биринчи ичилсе анын ток экендигинен кабар берген. Бирок сууну кошуп берүүнүн дагы бир мааниси кофенин чыныгы даамын сезип, ичүү болуп саналат. Бирок бүгүнкү күндө түрк кофеси ачуу болгондуктан аны кантсыз ичем дегендер үчүн берилет", - деди Алишер Имамов.
Бүткүл дүйнөлүк түрк кофесинин күнү Кыргызстандан тышкары борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө жыл сайын өзгөчө маанайда белгиленип келет. Ал конок тосуу, диний майрамдар, баарлашуу жана кыз суроо сыяктуу жөрөлгөлөр менен өзүнчө бир маданиятты түзүп турат.
Бүгүн Бишкекте түрк кофеси күнү белгиленди



