super.kg logo
  Саясат  

Президент Түркмөнстандын элчиси менен кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады

 

Бүгүн, 5-декабрда президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Нуры Голлиевди кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосундагы мамилелердин абалы жана келечеги, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтүү багытында көрүлүп жаткан кадамдар тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө кыргыз-түркмөн мамилелери стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыкканын белгиледи. Ошол эле учурда тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык-өндүрүштүк потенциалды толук ачуу үчүн активдүү чараларды көрүүгө тийиш.

Бул контекстте Садыр Жапаров Кыргызстан Түркмөнстанды маанилүү экономикалык өнөктөш катары кароо менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана сапаттуу өнүктүрүүгө чоң маани берерин баса белгиледи.

Өз кезегинде элчи Нуры Голлиев эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп, өз ара кызыкчылык жараткан тармактарда байланыштар бекемделет деген ишенимин билдирди.

Нуры Голлиев ошондой эле эки тараптуу байланыштарды кеңейтүү жана бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын ишендирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: