super.kg logo

Бишкекте туура эмес жерге таштанды таштагандарга айып пул салынат

 

Бишкектин Свердлов районунда санитардык нормаларды бузгандарды аныктоо, анын ичинде таштандыларды белгиленбеген жерлерге чыгаруу боюнча рейддик иш-чаралар күчөтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Свердлов районунун башчысынын орун басары Рустам Касымбековдун жетекчилиги астында кызматкерлер таң эрте санитардык эрежелерди бузгандарды текшерип, Бишкектин көчөлөрүндө тазалык эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

"Свердлов районунда жеке секторлордо "Тазалык" муниципалдык ишканасы ишке ашырып жаткан таштандыны чыгаруунун (үймө-үй ташып чыгаруу) өз графиги белгиленген. Чарбакер субъекттерге келсек, алар таштандыны чыгаруу боюнча муниципалдык ишкана менен келишим түзүшү керек.

Санитардык эрежелерди бузгандарды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле муниципалдык администрация шаардыктарды жана борбордун конокторун Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоого чакырып, "Укук бузуулар жөнүндө" кодексттин 115-беренесине ылайык, таштандыларды туура эмес жерге таштоо жана өрттөө үчүн эсептик көрсөткүчтүн 55тен 230га чейинки (5500дөн 23000 сомго чейин) өлчөмүндө айып пул каралгандыгын эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: