Акыйкатчы Таластагы убактылуу кармоочу жайга барды (фото)









Акыйкатчы Жамилия Жаманбаева Талас облусундагы убактылуу кармоочу жайда кармалгандардын шарты менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Акыйкатчы институтунун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, 32 адамды кармоого ылайыкташкан убактылуу кармоочу жайда 19 шектүү бар экени белгилүү болду. Убактылуу кармоочу жай ички иштер башкармалыгынын короосунда, бирок өзүнчө имаратта жайгашкан.
Акыйкатчы кармалгандар менен маектешти.
Белгилүү болгондой, Талас обласунда тергөө абагы жок болгондуктан, айыпталуучулар убактылуу кармоочу жайда кармалышат.
"Акыйкатчы министрлер кабинетин Талас областына камалгандардын кармоо шарттары эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга ылайык келе турган тергөө абагынын курулушун карап көрүүгө чакырат", - деп айтылат билдирүүдө.

