super.kg logo

Айгүл Эргешова: "Балдарым качан наныбыз кенен болуп, эт жейбиз деп көп айтышат"

 

SUPER.KG порталынын "Тагдыр" берүүсүнүн бул жолку каарманы Айгүл Эргешова болду. Ал учурда "Дордой" базарында элден кайыр сурап үч баланы асырап келет. Жагдайы өтө оор болгондугуна байланыштуу 8-класстагы кызынын кийимдери жок, окуучулардын жана мугалимдердин басмырлоосуна кабылып мектепке барбай калган.

Каарманыбыздын айтымында, жадакалса жегенге нан, балдарын окууга жөнөткөнгө жол акысын таппай калган учурлар көп болот. Ошондой эле ал өзү жакында эле оорусуна байланыштуу дарыланып жатканын айтты.

"Азыр жегенге эч кандай тамагыбыз жок. Балдарымдын кийими, жол киреси жок мектепке жөнөтө албайм. Жадакалса кээде нанга акча таппай калабыз. Өзүм дарыланганыма бир ай эле болду. Акча жок дарыланганы барган үчүн толук дарылана албай калдым. Мен дарыланып жүргөн убакта балдарым үйдө ачка отурушту. Батирдин акчасын бере албай калган учурда, балдарыма жол кире жок болуп калганда келип ушинтип элдерден жардам сурайм. Кышында балдарыма кышкы кийими жок мектепке жөнөтө албайм", - деди Айгүл Эргешова.

Ошондой эле ал балдары кийими жок болсо да "наныбыз кенен болуп, качан эт жейбиз" деп айтарын кошумчалады.

"Балдарым "апа кийимибиз жок болсо да макул. Качан наныбыз кенен болуп, эт жейбиз" деп көп айтышат. Бул жерде отун, көмүрдөн беш кап сатсак, 80-100 сомдой калат. Ошого нан алып келип жейбиз. Бир да азык-түлүгүбүз жок. Ошол калган акчага эки нан алдырып, калганын балдарым мектептен калып калбасын деп жол киресине берем", - деп кошумчалады каарманыбыз.

Айгүл Эргешовага жардам берем дегендер 0505389352 номерине кайрылсаңыздар болот.

Кененирээк төмөнкү ссылка аркылуу кирип көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: