super.kg logo

Пакистандан Кыргызстанга Каракорум шоссеси аркылуу алгачкы жүк ташуучу унаа келди

 

Кечээ, 5-декабрда Пакистан – Кытай – Кыргызстан каттамы боюнча Кыргызстанга Пакистандан алгачкы жүк ташуучу автоунаа келгендигине байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев жана Пакистандын элчиси Хасан Али Зайгам менен биргеликте салтанаттуу иш чараны ачышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул каттамдын жанданышы 1995-жылдын 9-мартында Кыргызстандын, Кытайдын, Казакстандын жана Пакистандын ортосундагы кол коюлган төрт тараптуу транзиттик келишимдин негизинде ишке ашкан.

Ага ылайык, министр Тилек Текебаев Хассан Али Заигамга Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы транспорттук байланышты бекемдөөдө кошкон салымы үчүн ыраазычылын билдирди.

Ал эми Хасан Али Заигам өз сөзүндө, бул каттамды ишке ашырууда ар тараптуу көмөк көрсөткөндүгү үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигине терең ыраазычылыгын билдирдип, каттамдын ачылышы Кыргызстан менен Пакистан ортосундагы транспорттук кызматташууда өзгөчө күн экенин белгиледи.

Ошондой эле ал Кыргызстандын жүк ташуучуларынын Пакистанга келишин кубаныч менен тосуп аларын жана Карачи, Гвадар портторунун кызматтарын Кыргызстандын жүк ташуучулары колдонуусуна мүмкүн экендигин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: