super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА: Президент Садыр Жапаров 55 жашка чыкты 

 

Бүгүн, 6-декабрь өлкө башчы Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал 55 жашка чыкты.

Садыр Жапаров 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган. Эки жогорку билими бар. 1987-1989-жылдары Аскер кызматын өтөгөн.

1986-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Дене тарбия жогорку окуу жайына өткөн. 1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командири болуп кызмат өтөгөн. "Советтик Армиянын отличниги" деген наам алган. 1989-жылдан 1992-жылга чейин кайрадан Дене тарбия институтунда билим алуусун уланткан.

Экинчи жогорку билимин, Кыргыз-Орус Славян университетинде алып, аталган университеттин юридикалык факультетин аяктаган. 1991-1994-жылдары дыйкан чарбанын жетекчиси болуп эмгектенген. 1994-1996-жылдары Каракол шаарында жайгашкан “Керкей” ишканасынын башчысы. 1996-2001-жылдары “Гузель” ишканасынын башкы директору. 2001-2005 жылдары Балыкчы шаарында жайгашкан “Нурнефтегаз” нефтини кайра иштетүүчү кичи заводун куруп, ал ишканада башкы директор кызматын аркалаган.

Садыр Жапаров чоң саясатка 2005-жылы “Жоогазын” революциясынан кийин аралашкан. 2005-жылы март айында Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты болуп өзү туулуп-өскөн Түп районунан шайланган. 2006-жылы мамлекеттик сыйлыктарды берүү боюнча комиссиянын мүчөсү, 2007-жылы Ырайым берүү комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

2007-жылы 22-октябрда президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен парламент тарап, Садыр Жапаров депутаттык ишмердүүлүгүн токтоткон. 2008-2010-жылдары Коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук агенттикте комиссар болуп эмгектенет.

2010-жылдын күзүндө парламенттик шайлоодо “Ата Журт” партиясынан депутат болуп шайланып, соттук-укуктук реформалар боюнча комитет төрагалыгына бекитилет.

2012-жылдын күз айында өткөн митинг үчүн Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровго Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга аракет көрүү) боюнча айыпталышып, иш козголгон соң бир жыл жана алты айга эркинен ажырайт. Бирок 2013-жылы март айында Бишкек шаардык соту тарабынан акталып, сот залынан бошотулат.

2013-жылы 27-июнда Каракол шаарында “Кумтөр” маселеси боюнча митинг чыгып, ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев барымтага алынат. Бул иш боюнча Кубанычбек Кадыровду жана митингдин уюштуруучуларынын айрымдарына иш козголуп, Садыр Жапаров өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Кийинчерээк Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев бул ишке Садыр Жапаровдун күнөөсү жок экенин билдирген. Садыр Жапаров төрт жыл бою Польша мамлекетинде жашап, 2017-жылы Кыргызстанга кайтууга даярданып жатканын интернет аркылуу билдирет. 2017-жылдын 25-март күнү кыргыз-казак чек арасынан Садыр Жапаров түз эле УКМКнын абагына жеткирилип, “массалык башаламандык уюштурган жана бийлик өкүлдөрүн (Эмилбек Каптагаевди) барымтага алган” - деп 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

2020-жылы 6-октябрда митингге чыккан эл тарабынан абактан бошотулуп, премьер-министрликке көрсөтүлгөн.

14-октябрда премьер-министр болуп бекиди, 15-октябрда президенттин милдетин аткаруучу болду. Декабрь айында кызматын Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго өткөрүп берип, январда өтүүчү президенттик шайлоого талапкер катары аттанган.

2021-жылы 10-январда шайлоодо жеңип чыгып, 28-январда расмий түрдө ант берип, президенттик ишине киришкен.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. Жубайы Айгүл Жапарова, уулдары Дастан, Рустам, Нурдөөлөт жана кызы Жанайым.

6-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: