Европанын айрым өлкөлөрүнө быйыл кыш эрте келди. Батыш Европада калың кардан улам айрым жерлерде коомдук транспорт токтоп, аэропорттордун иши үзгүлтүккө учурады. Азия өлкөлөрүндө күн жылуу бирок жакынкы күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөп, айрым аймактарында катуу шамалдан улам суук түшүп, кардын жаашы күтүлүүдө.
ГЕРМАНИЯ
Германиянын көпчүлүк аймагында суук күч алып, Мюнхен шаарында 40 сантиметрге чейин кар жаады. Ал эми айрым жерлерде жааган жамгыр тоңгон учурлар болууда. Мунун кесепетинен адам өмүрүн алган жол-транспорт кырсыктары орун алып, шейшемби күнү үч адам каза болду. Мюнхен эл аралык аэропорту аргасыздан каттамдарын убактылуу токтотту.
"Саксонияда жолдун тайгалагынан мектеп окучууларын ташыган автобус кырсыкка учурап, бир бала ошол жерден жан берген. Дагы алты окуучу, эки чоң киши жана айдоочу оор жаракат алган. Мындан тышкары жогорку Бавариядагы А8 шоссесинде жеңил унаа кагылышып, эки адам каза болду. Полициянын маалыматы боюнча, дүйшөмбү күнү кечинде болгон бул жол кырсыгы чоң жолду муз каптаганынан улам болгон. Оондой эле, А99 унаа жолунда 13 унаанын катышуучунда ири кырсык орун алып, мындан улам Мюнхен аймагындагы каттамдар бир нече күнгө токтотулган", - деп айтылат билдирүүдө.
Кечээ, 5-декабрда эртең менен Австриянын Зальцбург жана Инсбрук шаарларына, ошондой эле Швейцариянын Цюрих шаарына жүргөн темир жол каттамдары токтотулду. Мындан улам жүргүнчүлөрдүн саякаттары кийинкиге жылды.
Германияга кошуна Австрия жана Швейцария өлкөлөрүндө болсо калың жааган кардан транспорттор жабыркап, тоолордо кар көчкү коркунучу бар деп болжошууда синоптиктер.
УЛУУ БРИТАНИЯ
Англия өлкөсүнүн айрым аймактарында да аба ырайы күтүүсүздөн өзгөрдү. Суу ташкындап, темир жол каттамдарынын иштери үзгүлтүккө учураган. Ал эми бир нече транспорт жолдор убактылуу жабылды.
Ошондой эле аталган өлкөнүн түндүгүндөгү Камбрияда кар калың түшүп, миңдеген жашоочулар электр жарыгысыз калды. Жеңил жана жүк ташуучу унаалар кар астында тоңуп калып, тургундарга түйшүк жаратты.
ПОЛЬША
Польшанын Краков шаарында өткөн аптанын дем алыш күндөрүндө кар калың жааган. Билдирүүлөргө караганда, шаардын көчөлөрүн кардан тазалоо иштери дагы деле жүрүүдө. Ага азыркы тапта жалпы 4 миң 600 тонна туз сарпталды. Бул үч күн ичинде карды тазалоого кээ бир жылдардагы кыш мезгилине салыштырмалуу көп каражат жумшалды.
ЯКУТИЯ
Европа өлкөлөрүн каптаган суук Орусияда да күч алды. Якутиянын бир катар аймактарында абанын температурасы -50 градуска чейин төмөндөдү. Алсак, "Сууктун уюлу" деп аталган Оймякон кыштагында -57 градус суук болууда.
Ал эми Якутск шаарында да аба ырайы бузулуп, калааны коюу туман каптады.
МОСКВА
Учурда Орусиянын борбору Москвада сууктун табы кайта элек. Мындан улам үй-жайсыз адамдарга кошумча жылытуу пункттары ачылды. Эми шаарда мындай 14 пункт бар. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда борбор калаанын социалдык өнүктүрүү боюнча вице-мэри Анастасия Ракова билдиргенин басылмалар жазды.
"Биз башпаанек издеген жарандардын суранычы боюнча жылуулук түйүндөрүн көбөйтүүнү чечтик. Алар үй-жайсыздарды бир убакта жылытуу үчүн 700гө жакын орун менен камсыздалды", - деди Анастасия Ракова.

Эске салсак, Москва шаарында, 3-декабрь күнү 15 сантиметрге чейин кар жааган. Аны тазалоо үчүн оперативдүү штаб түзүлүп, жалпы 135 миңден ашык жумушчулар иштеген. Бул тууралуу мэрдин турак-жай коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү боюнча орун басары Пётр Бирюков билдирген.
"Түн ичинде болжол менен 18 миңге жакын ар кандай техникалар иштеди. Анын ичинде кар тазалоочу жана ташуучу, ошону менен катар ротордук техникалар бар. Шаарды кардан тазалоо иштери күнү-түнү жүргүзүлүп, шаардын мэринин көзөмөлүндө болууда", - деген Бирюков.

Кардын калың жааганына байланыштуу Москванын Домодедово, Шереметьево жана Внуково аба майдандарында 5 учуу каттамы токтотулуп, 35и белгиленген убактысынан кеч учкан.
КАЗАКСТАН
Коңшу Казакстанда жакынкы күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Казакгидрометинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, Казакстандын түндүк-батыш тарабында абанын температурасы -40 градуска чейин жетиши мүмкүн. Сууктун түшүшү менен көпчүлүк аймактарда жаан-чачын токтоп, кардын жаашы күтүлүүдө.
Мындан улам, Кыргызстандын ТИМи билдирүү таратты.
"Казакстандын бардык аймагында туман жана катуу шамал менен коштолгон кескин суук күтүлүп жатканына байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Орусиядан Казакстандын аймагы аркылуу транзит менен жерде жүрүүчү транспорт менен кайтып келүүнү пландап жаткан Кыргыз жарандарына жолго чыгуудан баш тартууну сунуштайт", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик жарандарга сапарларын Казакстандын аймагында жакынкы күндөрү күтүлүп жаткан аба ырайынын шарттарын эске алуу менен пландаштырууну сунуштайт.

Бирок чыгыш жана түштүк аймактарында жаан-чачын гана жаайт.