super.kg logo

Чүйдүн Арчалы айылында Республикалык реабилитациялык борбор ачылды

 

Чүй районунун Арчалы айылында Республикалык реабилитациялык борбор ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, ачылыш аземге саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, Аламүдүн районунун жергиликтүү кеңешинин депутаты, Арчалы айылынын аксакалдары жана тургундары катышты.

"Республикалык "Арчалы" реабилитациялык борбору республиканын калкына медициналык-санитардык, медициналык-реабилитациялык, ден соолукту чыңдоо кызматтарын көрсөтүү үчүн түзүлүүдө. Реабилитациялык борбордун үч кабаттуу имараты 6 миң чарчы метр аянтта жайгашкан жана 50 керебетке ылайыкталган", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: