super.kg logo

Камчыбек Ташиев ККМге каршы митингдер боюнча үн катты

 

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соодагерлердин ККМге каршы митингге чыгышы боюнча үн катты.

УКМК төрагасы Аламүдүн районундагы жаңы имараттын ачылышында сөз сүйлөп жатып, “Кыргызстандагы базарлардын ээлери ижара акысын эки эсе арзандатышы керек” деди.

"Республика боюнча соода-базар комплекстеринин ээлери — бул иш-аракеттен эбегейсиз зор киреше алып жаткан өлкөнүн эң бай адамдары. Бирок соодагерлер ири суммадагы акча төлөп жатканы менен көпчүлүк базарларда жөнөкөй шарттар жок. Буга байланыштуу соодагерлердин ишин жеңилдетүү үчүн биринчи кезекте базар ээлери ижара акысын кеминде эки эсе арзандатышы керек. Мындан тышкары, кассалык аппараттарды сатып алууда кыйналган чакан ишкерлер бекер кассалык аппараттар менен камсыз болушу керек", - деген Ташиев.

Ошондой эле УКМКнын төрагасы элди "ар кандай чагымдарга алдырбоого" чакырып, чагымчыларга социалдык-экономикалык маселелерди саясий өңүткө өткөрбөөнү эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: