Бишкекте сасык тумоого каршы балдар ооруканаларынын иши күчөтүлөт
Саламаттык сактоо министри Бишкек шаарындагы балдар стационарларында сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук ооруларына байланыштуу болуп жаткан кырдаалга байланыштуу ишти күчөтүүгө тапшырма берди. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев курч респиратордук вирустук оорулардын жана сасык тумоонун эпидемиологиялык жогорулоо мезгилинде балдар калкына медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча кеңешме өткөрдү.
"Министр КРВИ жана пневмония менен ооруган этиологиясы такталбаган балдарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүү үчүн балдарды кабыл алууга кошумча керебеттерди жайгаштыруу тапшырмасын берди. КРВИ жана этиологиясы такталбаган пневмония менен ооруган балдарды кабыл алуу үчүн шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын базасында 30 койка, жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн энени жана баланы коргоо Улуттук борборунун базасында 30 койка, Чүй облустук бириктирилген ооруканасынын балдар бөлүмүндөгү койкалардын санын 45 койкага чейин убактылуу уюштурулат", - деп айтылат маалыматта.
Энени жана баланы коргоо Улуттук борборунунда ишти күчөтүү үчүн кошумча 10 дарыгердик ставканы бөлүп берүү керектиги каралды.
Бейтаптарды дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 08:00дөн 20:00гө чейин жана дем алыш күндөрү саат 08:00дөн 14:00гө чейин эки нөөмөттө кабыл алат.
Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциянын алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл:
- маска режимин жана аралыкты сактоо;
- дем алуу гигиенасын сактоо – тактап айтканда оозду жана мурунду жабуу
жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө;
- сасык тумоону жуктуруп алган адамдарды өз убагында изоляциялоо
- санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (колдун гигиенасы, дайыма бөлмөлөрдү желдетүү, бөлмөлөрдү таза кармоо).
