Өлкөдө өрт кырсыгы былтыркыга салыштырмалуу 15,9 пайызга көп катталды
Өлкөдө 2023-жылдын 11 айында өзгөчө 33 кырдаал катталып, андан 44 адам каза болгон. Келтирилген материалдык чыгым 293 миллион 628 000 сомду түзгөн. Бул боюнча көрсөткүчтөр өткөн жылга салыштырмалуу 43,1 пайызга азайган. Бул тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигин 11 айдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында айтылды. Жыйынга министр Бообек Ажикеев дагы катышты.
Ошондой эле өлкө аймагында 3116 өрт кырсыгы катталган. Куркаруучулар өрттөн 39 адамдын өмүрүн жана 13 миллиард сомдон ашуун материалдык чыгымды сактап калышкан. Тилекке каршы, кырсыктан 29 адам көз жумуп, 1 миллиард сомдон ашуун чыгым келтирилген. Былтыркыга салыштырмалуу өрт кырсыгы 15,9 пайызга көп катталган.
Ал эми суу чөгүп каза болгондордун саны 103 адамга жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 18 пайызга көп катталган.



