Камчыбек Ташиев мушкер Мыктыбек Оролбай уулу менен жолугушту (фото)






УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 6-декабрда UFC мушкери Мыктыбек Оролбай уулу менен жолугушту.
Өз кезегинде УКМК төрагасы мушкерди дүйнөнүн эң күчтүү лигасында ийгиликтүү дебюту менен куттуктап, ага чың ден соолук жана спорттук карьерасында ийгиликтерди каалады.
19-ноябрга караган түнү Лас-Вегаста өткөн UFC уюмунун турниринде сербиялык Урош Медич менен беттешкен. Кармаштын экинчи раундунда Оролбай уулу атаандашын муунтуу ыкмасы менен утуп алган.
Белгилей кетсек, мушкер 15-ноябрда UFC уюму менен келишим түзгөнүн жарыялаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.