super.kg logo

Ош. Өзгөндө опузалап пара талап кылды деген шек менен авто-каражаттарды жана айдоочу курамды каттоо боюнча сыноо бөлүмүнүн башчысы кармалды

 

Кечээ, 16-декабрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүүчү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Өзгөн райондор аралык автоунаа каражаттарды жана айдоочу курамды каттоо, сыноо бөлүмүнүн башчысы, Ош шаарынын 47 жаштагы тургуну З.К. өзүнүн кызматтык бөлмөсүндө 5000 сом пара алып жаткан учурунда кармалды. Аталган жарандын үстүнөн буга чейин Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн тургуну, 1956-жылы туулган  М.Ж. аттуу жарандан арыз келип түшкөн. Арызда 13-декабрда өзүнө таандык УАЗ 31512 үлгүсүндөгү мамлекеттик белгиси D0948S автоунаасын өзүнүн наамына өткөрүү үчүн Өзгөн райондор аралык автоунаа каражаттарды жана айдоочу курамды каттоо, сыноо бөлүмүнө барганда бөлүмдө иштеген З.К. аттуу кызматкер  5000 сом акча талап кылган. 

Жүргүзүлгөн оперативдик ыкчам иш-аракеттердин негизинде кечээ, 16-декабрда саат 16:30 чамасында ал жаран кармалган. Учурда "опузалап пара талап кылуу" боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.12.2013. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озгондун Гаилерин да текшерип койуш керек !! Алардын оздорунун закондору бар парковка в неположенном месте 1500 сом деп чыга келишет !!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: