"Эмнеге белгисиз демөөрчүлөр?". Депутат желекти алмаштыруу маселесин кайра көтөрдү (видео)
Бүгүн, 7-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов Кыргызстандын желегинин өзгөрүшүн эмне себептен белгисиз демөөрчүлөр каржылай турганын сурады.
"Элге желектин алмаштырылышы жакпай жатат. Эң биринчи эле суроо эмне себептен? Түшүнбөй жатышат. Экинчиси булар белгисиз спонсорлор. Эмнеге биздин тууну алмаштырганга белгисиз демөөрчүлөр бар? Элде ушундай суроолор болуп жатат. Биз деле укмуш каршы чыгып жаткан жокпуз. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө убакыт келди го дейм", - деди Эрулан Кокулов.
Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев желекти өзгөртүүгө бюджеттен каражат кетпээрин, аны демөөрчүлөр каржылай турганын айткан.
Депутат желекти алмаштыруу маселесин кайра көтөрдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.