ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2023: Ырчынын үнү жаңырбай калды. Кыргыз маданиятындагы орду толгус жоготуулар
2023-жылы кыргыз маданият чөйрөсү орду толгус чоң жоготууларга учурады. Жыл жыйынтыгын чыгарууда аларга да токтолууну чечтик.
17-январда эл арасында “Мөлмөлүм”, “Арзыкан”, “Таласым” ырлары менен таанымал болгон Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы, комузчу Малик Аликеев узакка созулган оорудан улам 53 жашында көз жумду.
17-январда белгилүү ырчы Бегимай Бекбоева мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бегимай алгач сахнага 5-классында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Каныкей Эралиеванын концертинде Асел Турдалиеванын "Эх, байке" деген ыры менен чыккан. Анын репертуарында "Сүйүү ыргактары", "Арзуу", "Кусалык", "Алыстарга", "Жаш жигит", "Атама" аттуу жана башка бир канча ыр жыйнактары бар.
27-январда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу, аткаруучу жана диктор Абас Чикеев оорудан улам дүйнө салды. Ал 70тен ашык обондорду жараткан. "Агарып аткан таңымсың", "Азгырба сүйүү" , "Ар кимдин аман болсун апасы", "Ата журтка", "Аяжан", "Байбичем", "Беймаал сүйүү", "Бир өтүнөм өзүңдөн", "Боз бала", "Жашоонун жыргалы" аттуу бир канча ырларды аткарып келген. Ага 1991-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамы ыйгарылган.
6-февралда узакка созулган оорудан кийин, Кыргыз Республикасынын эл артисти, кино коюучу режиссёр, сценарист Геннадий Базаров 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. 1967-жылы "Саманчынын жолу" тасмасын дипломдук иши катары тасмага түшүрөт. "Буктурма", "Көчө", "Биринчи", "Көз кареги" кинотасмаларды, "Бойго жеткендер үчүн баш калкалоочу жай", "Айың", "Аномалия" көркөм фильмдерди жана "Антракт", "Түндө" кыска метраждуу новелаларды, документалдуу тасамалардан "Искусство жөнүндө баян", "Жазуучу", "Чыңгыз Айтматов" жана башкаларды тарткан.
9-мартта Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, кыргыз искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, кинорежиссёр жана сценарист Марат Сарулу каза болду. Анын режиссёр катары толук метраждуу "Миң кыял", "Көч", "Песнь южных морей", "Бурная река, безмятежное море", "Алтын кыргоол", кыска метраждуу "Мандала", "Взлёт", "Соль", даректүү "Имаго" жана анимациялык "Моление о Пречистой птице" тасмалары кыргыз журтчулугуна жана көрүүчүлөргө белгилүү болгон.
26-мартта Кыргыз эл артисти, көрүнүктүү театр жана кино актёру Асанкул Осмонов 88 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал "Белгисиз маршрут" тасмасына тартылган. ССР убагында бир канча тасмаларга тартылган.1958-жылдан Кыргыз академиялык драма театрынын актёру болуп иштеп баштаган. Ага 1990-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылган. -
6-ноябрда Кыргыз Республикасынын эл артисти Петренко Зинаида Михайловна 73 жаш курагында дүйнө салды. Ал 5-ноябрда "Бальзаминовдун үйлөнүүсү" кайрымдуулук спектаклинде акыркы ролун ойногон. Кыргыз улуттук театрын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ийгиликтүү чыгармачылык жана педагогикалык ишмердүүлүгү үчүн Петренкого “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти”, андан кийин “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамдары ыйгарылган.
10-ноябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Райма Абдубачаева 75 жашында каза болду. Райма Абдубачаева алгач 7 жашында Кыргыз драма театрында жаш өспүрүмдөрдүн ролун аткарып, сахнага чыккан. Ал "Гамлет", "Ричард III", "Төмөнкү тереңдик", "Антоний менен Клеопатра" сыяктуу спектаклдерде ролдорду мыкты аткарган.
25-ноябрда "Ананайын", "Алтыным", "Гүлмира", "Махабат", "Салфия", "Унутчу мени" ырлары менен белгилүү ырчы Бахадыр Карабаев көз жумду.
кошулду
