Камчы Көлбаевдин дагы бир адамы кармалды. Анын пентхаусу, элиталык үйлөрү аныкталды (фото)






Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү 1972-жылы туулган Б.Ш.С. кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
29-ноябрда ага кылмышка кошо катышуу деп айып тагылып, 4-январга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Аталган Б.Ш.С. Камчы Көлбаевдин кылмыштуу аракеттерин билип, ал кылмыштуу чөйрөнүн курамында ишкерлерден опузалап алып, акча чогултуп жатканын билип туруп, Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен макулдашып, узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу, адалдоо аракеттерин жасап жүргөнү аныкталган.
"Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн акча каражаттарын чет өлкөгө көзөмөлсүз электрондук капчыктарды колдонуу менен чыгарып туруу менен алектенген. Андан соң криптовалюта менен алектенген адамдар менен болгон байланыштары аркылуу, алынган каражаттарды чет өлкөдөн накталай акчага айлантып, “комиссиялык пайыздары” менен алып турган. Муну менен Б.Ш.С. узак убакыт бою уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн капиталын Кыргызстандын чегинен тышкары чыгарып турган.
Алынган маалыматтарга ылайык, Б.Ш.С. Бишкек шаарынын аймагында бир катар кыймылсыз мүлк объектилерине ээлик кылат, алар кылмыш жолу менен алынган кирешелерге мыйзамдуулукту берип туруу үчүн колдонулган", - деп билдиришти УКМКдан.
Тактап айтканда, “Saloni”, “Elegance” жана “Imperator” эмерек дүкөндөрүнүн ээси.
УКМК кармалган жаран бардык кыймылсыз мүлк объекттерин өзүнүн жакын туугандарынын атына, анын ичинде энеси менен уулуна каттатканын билдирди.
"Апасынын наамына Бишкек шаарынын борборунан элиталык батир (пентхаус), Ахунбаев көчөсүндөгү элиталык жер үй катталган. Ошондой эле уулунун наамына Бишкек шаарынан кымбат баалуу элиталык үй жана Рысмендеев көчөсүндөгү аянты 930,0 квадрат метр болгон үй катталган", - деп кошумчалашты УКМКдан.



